2022-02-07



2021-жылдын июль айында Кыргыз-Түрк Манас университетинин археологиялык тобу тарабындан Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Ак-Терек айыл аймагынын башчылыгынын колдоосу менен археологиялык казуу иштери жүргүзүлдү. Изилдөө иштери “Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тоң/Ак-Терек айылы археологиялык изилдөөлөрү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Талаа иштеринин натыйжасында Туюк-Жар I жана Туюк-Жар II археологиялык эстеликтеринде 3 курган жана 3 турак-жай изилденди. Казуу учурунда чопо идиштердин сыныктары, таштан жасалган эки артефакт, айрым адам жана ат сөөктөрү табылды. Эстеликтердин сырткы жана ички конструкцияларына, табылгаларга караганда алар эрте темир дооруна, тагырааак айтканда, б.з.ч. VI – б.з. V кылымдарга таандык. Пландалып жаткан радиокарбондук анализдер алардын так мезгилин аныктоого жардам берет. Стационардык казуу иштеринен сырткары Тоң районунун айрым аймактарында археологиялык чалгындоо иштери ишке ашырылды. Бул иштердин натыйжасында Көктүрк жана Сактар доору археологиясы боюнча айрым жаңы маалыматтар алынды. Долбоордун алкагында Тарых бөлүмүнүн жана Археология, Социалдык Антропология магистрдик программасынын студенттери археологиялык практикадан өтүштү.